Тажик жарандарынын ортосунда турмуш тиричиликке байланышкан үй-бүлөлүк чыр чыккан, ок атылган эмес. Мындай пикирин Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова бүгүн, 30-декабрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Тажикстандын Исфара районунун басма сөз катчысы Икбол Тешаевдин маалыматы чындыкка дал келбейт. Себеби, окуя Тажикстандын аймагында катталган жана тажик жарандарынын ортосунда турмуш тиричиликке байланышкан үй-бүлөлүк чыр экени аныкталган. Бул окуяга кыргыз жарандарынын тиешеси жок.
Эске сала кетсек, кечээ, 29-декабрда Тажикстандын Исфара районунун басма сөз катчысы Икбол Тешаев Баткендин Көк-Таш айылында кыргыз жараны аң уулоочу курал менен Тажикстандын жаранына ок чыгарганын, кыргыз тарап чагымчылдык кылып жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ