Төрт күндөн бери Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон жергиликтүү тургунду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы, бүгүн, 30-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 26-декабрда 27 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп кеткен. Аны издөө үчүн 15 куткаруучу, ИИМден үч кызматкер тартылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ