Menu

Күмөндөр Абылов, Кыргыз эл артисти: “Эмнеге эле кыргыз болуудан тажап, бириңер батышты, бириңер орусту, бириңер арапты туурап, жинди болуп жатасыңар? Эртерээк эсиңерге келгилечи, туугандар!”

Бөлүшүү:

Кыргыз эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов “Күйгөндөн айтам бир сабак” аталышта өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Анда ал: “Эмнеге ушунчалык кара өзгөйсүңөр? Эмнеге ушунчалык ажымулук, тежиксиңер? Жок дегенде бириңер мойнуңарга алып койсоңор боло?.. Силерди бирден жетелеп, араптардын чөлдөгү жашоосун көрсөтүп, төөнүн заарасын ичип жаткан киши мусулман экенине күбө кылса да, ошол чөлдө өзүңөр жашап, заараны өзүңөр ичмейин: “Жок, бул мусулман эмес” – дээриңерге көзүм жетип олтурат. “Кайран гана кыргыз!” – деп, үшкүргөндөн башка арга жок.

Болбосо, кыргыздын башка элдерден кайсыл бир жери жаман экен да, кайсыл жери кем экен? Эч элде жок төкмөчүлүк, манасчылык өнөрү бар тилиби? Эч кимде жок калпагы баш болгон улуттук кийимиби? Көргөндөрдүн көз жоосун алган боз үйүбү? Бардык элге үлгү болоор маданиятыбы? Дүйнөнү багындырган адабиятыбы? Бир да жеринде чөлү жок жашаган жериби? Аш-тоюна душманын да чакырган айкөлдүгүбү? Коногуна коюн союп берип, оозунан чыкканча сыйлап, артканын устукан кылып куржунуна салып берген меймандостугубу? “Конок келип калса?” – деп, ырыстуу тамагын өзү жебей, же балдарына бербей, келе элек эле, белгисиз мейманына сактап катып койгон сыйкорлугубу? Эч элде жок уккан жанды арбаган комузубу? Жаратылышты сыйлап, аяр мамиле жасап, ичкен кудугуна түкүрбөгөн, отту койдум, анын күлүн да тебелебеген, улуу-кичүүгө таандык мыйзамдуу сый мамилеси бар адамкерчилигиби? Айткылачы деги, эмнеси жакпайт? Эмнеге эле кыргыз болуудан тажап, бириңер батышты, бириңер чыгышты, бириңер орусту, бириңер немисти, бириңер арапты туурап, жинди болуп жатасыңар? Эртерээк эсиңерге келгилечи, туугандар! Дин фанаттар, арап болуп адашкандар, окуп койсоңуздар болот!“,-деп жазган күйүп-бышык Күмөндөр Абылов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: