Бишкектин четинде жайгашкан таштанды төгүүчү полигонду куруу иштеринин 60 пайызы аяктап калды. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров журналисттерге бүгүн, 30-декабрда билдирди.
Анын айтымында, сорттоочу завод келаткан жылдын март айында башталат. 2020-жылдын декабрында жаңы полигон ишке кирет. Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча да аракет көрүлүп, инвестор изделип, алты компания менен сүйлөшүү жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ