Menu

Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

 III даражадагы “Манас” ордени менен:

 

Айтматова Розетта Төрөкуловна Бишкек шаарындагы “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмесинин президенти;

 

Актанов Табылды Тыныбекович Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

 

Осмонов Өскөн Жусупбекович К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы;

 

Тажибаев Абдиваит коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери;

 

“Даңк” ордени менен

 

Сутенова Байма Жапаровна Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программалар дирекциясынын координациялык борборунун менеджери;

 

“Даңк” медалы менен:

 

Алибегашвили Лев Маркович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор”долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;

 

Ахмедов Бегижан Махмудович

 

коомдук ишмер, тарыхчы, жазуучу;

 

Маматкеримова Гүлмира

Рысбековна

көз карандысыз эксперт, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү;

 

Мамбеталиев Аскар Мамбеталиевич

 

пенсионер;

 

Мурзаев Рахматилла Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын начальниги;

 

Мусаев Акылбек Инаятович Бишкек шаардык № 1 клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы;

 

Пальчунов Владислав Петрович Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Муз-Төр” ачык акционердик коомунун башкы директору;

 

Примов Бердибай “Пэрити Коал” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

 

Сагынбаев Латипжан

 

коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери;

 

Сопиев Абдыманап Усокеевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Афган согушунун жана башка аскердик чыр-чатактардын ардагерлеринин” коомдук бирикмесинин төрагасы, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты;

 

Фёдоров Александр Павлович

 

сүрөтчү-фотограф;

 

Чочунбаева Динара Илимбековна “CACSARC-kg” (“КАКСАРК-кейджи”) коомдук фондунун директору;

 

берилсин:

 “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам:

 

Дүйшөкеева Майрам Нарынбаевнага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине;

 

Максутов Алтынбек Аскаровичке Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кɵркɵм жетекчисине;

 

Нышанов Нурланбек Ашымовичке Бишкек шаарынын “Устатшакирт плюс” коомдук фондунун салттуу музыка борборунун көркөм жетекчисине;

 

Тумакова Айзада Маметисаевнага А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солистине, сахнанын алдыңкы чеберине, балетмейстер-коюучусуна;

 

Чалабаев Эгемберди Вахаповичке

 

Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын режиссеруна;

 

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардактуу наам

 

Абдылдаев Шаршеналыга жазуучу, котормочуга;

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам:

 

Ахмедов Абдикерим

Султановичке

обончу, ырчы, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусуна;

 

Дүшеева Кенжекан Шамшиевнага “Томирис” продюсердик борборунун жетекчисине;

 

Карыбаев Аскарбек Акматовичке

 

обончу, композиторго;

 

Касымбеков Ильичбек Тезековичке М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахна чеберине;

 

Осмоналиев Токтомуратка Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын комузчусуна;

 

Шеркулов Намазбек Камчыбековичке

 

комузчуга;

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам:

 

Ажыматов Зайырбек Самагановичке акын, “Азаттык Медиа” мекемесинин штаттан тышкаркы кабарчысына;

 

Балбекина Лариса Васильевнага Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын труппа боюнча көркөм жетекчисинин жардамчысына;

 

Бекешов Бейшенбек Асековичке

 

“2-канал” (“NewTV” телерадиокомпаниясы) жоопкерчилиги чектелген коомунун кабарчысына;

 

Бектурова Асия Тобокеловнага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иштөө жана контролдоо боюнча секторунун башкы адисине;

 

Жаманкулов Ырайымбердиге Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Ош облусунун Алай райондук маданият үйүнүн көркөм жетекчисине;

 

Закирова Айнура Абдукахаровнага Жалал-Абад облусунун Сузак райондук бириктирилген китепканалар тармагынын директоруна;

 

Кенжеева Айымкан Кенжеевнага “Аксаамай” фольклордук ансамблинин  көркөм жетекчисине;

 

Мамбетказиева Айгүл Токтобековнага Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директоруна;

 

Мамбетов Ишенбек Маралбаевичке А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директорунун орун басары – аткаруучу директоруна;

 

Рыспаев Курманбек Абдымамбетовичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз- кызматынын жетекчисинин орун басарына;

 

Сарыгулова Зина Амановнага К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын вокалдык өнөр жана дирижерлук факультетинин деканына;

 

Төлөнов Ырысбайга сүрөтчү-живописчи, Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басарына;

 

Турдалиева Бегимбүбү Турапбаевнага “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин саясат бөлүмүнүн башчысына;

 

Эшкожоева Бегайым Ибраимовнага Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын пландоо жана эфирди камсыздоо бөлүмүнүн башчысына;

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген ардактуу наам:

 

Асаналиева Айтыканга Бишкек шаарынын № 15 үй-бүлөлүк медицина борборунун педиатр-врачына;

 

Байгончокова Бурул Чоокбаевнага Бишкек шаарынын № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-иммунологуна;

 

Деркембаева Мундук Сагымбаевнага Ысык-Көл облусунун Түп райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун “Аракет” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачына;

 

Жарматова Темиркан Досатовнага Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басарына;

 

Жданова Елена Васильевнага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун көп дарыларга туруктуулук бөлүмүнүн башчысына;

 

Иманкулов Абдыгали Нарыбаевичке Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысына;

 

Көчманбетов Темирланга Нарын облусунун Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2 “Кызарт” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчисине;

 

Курманова Айман Темиркуловнага Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар  бөлүмүнүн башчысына;

 

Маматов Адамкалийге Чүй облусунун Сокулук райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун стоматология бөлүмүнүн башчысына;

 

Тазабекова Жамал Исмаиловнага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-врачына;

 

Хусенова Махбуба Юсуповнага Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысына;

 

“Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

 

Бообекова Асылгүл Анарбековнага Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысына;

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам:

 

Авазов Абдыманап Коноковичке Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Т. Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалимине;

 

Акматов Абдыкалыкка Ош облусунун Өзгөн районундагы
А. Калмурзаев атындагы № 20 орто мектебинин директоруна;
Алибаев Абдумиталип Шарабидиновичке Баткен облусунун Баткен районундагы “Кара-Токой” мектеп-гимназиясынын математика мугалимине;

 

Базарова Апалга Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т. Мойдунов атындагы  № 1 “Макмал” жалпы билим берүү орто мектебинин директоруна;

 

Жанузакова Ибадат Шакиевнага Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы № 2 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимине;

 

Карачаева Минаваркан Абдивахаповнага Ош облусунун Кара-Суу районундагы А. Шеркулов атындагы № 74 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимине;

 

Качканакова Бардакүл Дүйшөновнага Талас облусунун Манас районундагы И. Отунбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалимине;

 

Самиева Тамарахан Кожоевнага Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Тамга” жалпы билим берүү орто мектебинин мурдагы директоруна;
Стаханов Токтожума Мадиевичке Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимине;

 

Эркебаев Мойдунга педагогикалык эмгектин ардагерине;

 

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

 

Байгазиев Кадырбердиге Ош мамлекеттик университетинин гуманитардык-педагогикалык   колледжинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысына;

 

Бурканов Мустапакул Аниваровичке Ош облусунун Ноокат районундагы “Шаңкол” орто мектебинин директоруна;

 

Кудайкулова Айгүл Мамажановнага Ош шаарынын азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатынын директоруна;

 

Кыргызбаева Чынарга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын доцентине;

 

Матиева Гүлбаданга Ош мамлекеттик университетинин математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессоруна;

 

Орунбеков Бакытбек Орунбековичке Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникациялар факультетинин журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусуна;

 

Сатыбаев Абдуганы Жунусовичке Ош технологиялык университетинин маалыматтык технологиялар жана башкаруу кафедрасынын башчысына;

 

Сырдыбаева Эльмира Айбашевнага Бишкек шаарынын № 127 “Акылай” баланы өнүктүрүү борборунун директоруна;

 

Тян Светлана Иннокентьевнага Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы № 1 “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директоруна;

 

“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам:

 

Арзиев Жоромаматка Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын                            А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директоруна;

 

Нургазиев Рысбек Зарылдыковичке К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректоруна;

 

Турдалиева Чолпон Жапарбековнага Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология профессоруна;

 

Усупбаев Акылбек Чолпонкуловичке И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломго чейинки жана дипломдон кийинки окутуунун урология жана андрология кафедрасынын башчысына;

 

Чодураев Темирбек Макешовичке И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин деканына;

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” деген ардактуу наам

 

Давлесов Батырбек Насыровичке Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн экспертине;

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген ардактуу наам:

 

Бекбасаров Рашид Бердибаевичке Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурдагы мүчөсүнө;

 

Шайназаров Тынчтык Урайимовичке

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

 

Абетекова Рыскүл Нургазиевнага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн экспертине;

 

Бардинова Нуржан Арзыкуловнага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысына;

 

Иманалиев Каныбек Капашовичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

 

Телекманова Алмагүл Өмүрзаковнага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысына;

 

“Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

 

Джумабеков Батырбек Тологоновичке “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун техникалык директоруна;

 

Сабырканов Эгемкул Исраиловичке “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Ош облустук филиалынын директоруна;

 

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

 

Айдаралиев Таалайбек Алимбековичке Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директоруна;

 

“Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

 

Бусурманкулов Абдималик Бурканбековичке “Манас” эл аралык аэропорт” ачык акционердик коомунун инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директоруна;

 

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

 

Жогина Ильвира Алексеевнага Бишкек шаарынын “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директорунун орун басарына;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Абдыжакыпов Султанбек

Төлөгөнович

Нарын облусунун Нарын районундагы “Азим С” асыл тукум чарбасынын башчысы;

 

Абдырахманов Кутбай Баткен облусунун Баткен районундагы Токтогул атындагы орто мектебинин математика мугалими;

 

Айдаралиев Кубанычбек Ысагалиевич Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын начальниги;

 

Аманова Кундузкан Козубаевна Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Баластан” телеканалынын продюсери;

 

Асангулова Айдай Бектемировна  “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун директору;

 

Ахметов Сапарбай Арзимбаевич Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ж. Турусбеков атындагы № 16 орто мектебинин математика мугалими;

 

Бакиров Анарбек Убайдуллаевич Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы;

 

Батырбекова Самара Мырзакматовна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн инспектору;

 

Бекбоев Жолдошбек Доталиевич Бишкек шаарынын Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору;

 

Бекмурзаев Каныбек Зиябудинович Ош облусунун Араван районундагы “Зиябидин-Ата” асыл тукум фермердик-үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын башчысы;

 

Виноградова Галина Аркадьевна М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын теория сабактары жана жалпы фортепиано боюнча окутуучусу;

 

Гапаров Жамшит Бурканович “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун нөөмөтчү электромонтеру;

 

Джапаркулова Марина Кадырбаевна Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинин директору;

 

Джунушбаев Асылбек Сардарбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемесинин айдоочусу;

 

Жапаров Шавкат Акматович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын фелъдегери;

 

Жапарова Канталат Баткен шаарынын В.И. Ленин атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

 

Жолболдуев Памирбек Бакыевич Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин финансы-экономикалык жана чарба иши боюнча проректору, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасынын доценти;

 

Зикиров Таалайбек Мамаевич Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;

 

Исаева Бактыгүл Кедейкановна Чүй облусунун Токмок аймактык ооруканасынын директору;

 

Ишимканова Айтбүбү Кыдыгалыевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

 

Казыбекова Алтынай Рыскуловна Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы
№ 1 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;
Кандыбаева Парида Кочкоровна Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз атындагы гимназия мектебинин директору;

 

Карабаев Гайназар Мананович Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Таш-Короо” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

 

Каримов Нодирбек Тохтосинович

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Койбагарова Асель Алмазбековна Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин дерматовенерология жана фтизиатрия кафедрасынын профессору, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын башчысы;

 

Кривошеин Вадим Петрович Бишкек шаарынын “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун атайын техника конструктордук бюросунун  начальниги;

 

Кубатбеков Алмазбек Анарбекович Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары – башкы врачы;

 

Куренкеев Айбек Суербекович “Байланыш операторлордун ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору;

 

Кыязов Адылбек Бишкек шаарынын № 51 мектеп-гимназиясынын драма ийриминин жетекчиси;

 

Мамбеткалиева Жыпариса

Токоновна

Нарын облусунун Жумгал аймактык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;

 

Миненков Геннадий Олегович Бишкек шаарынын “ТОМЭКС” медициналык борборунун нур менен диагностикалоо бөлүмүнүн башчысы;

 

Мурзаева Айнагүл Тургунбаевна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун медициналык статистика жана талдоо башкармалыгынын медициналык статистика бөлүмүнүн башчысы;

 

Мурзалиев Кылычбек Мураждинович Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары;

 

Назаралиева Нарынкул Медербековна “Кыргыз туусу” басма үйүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы;

 

Назаров Омурбек Ысмайылович Бишкек шаарынын “Планета Максимус”, “Бешикстройсервис” жана “Глобал бизнес консалтинг” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун директору;

 

Нургазиева Сабира Муктаровна Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын аллерголог-врачы;

 

Оморов Турдалы Ош шаарынын олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин окутуучу-машыктыруучусу;

 

Расылканова Аписа Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин директору;

 

Ратченко Игорь Владимирович Бишкек шаарынын “Аякс-Тэломанит” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

 

Рахмолдоев Замир Абдыкалыкович Нарын облусунун Жумгал районундагы “Чаек балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби” мекемесинин эркин күрөш боюнча окутуучу-машыктыруучусу;

 

Рысалиева Турсун Куменовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын протоколдук камсыздоо секторунун башчысы;

 

Садыков Ильдар Вахидович “Туган-Тел” татар-башкыр маданий борбору” коомдук бирикмесинин вице-президенти;

 

Сайдуллаев Файзулла Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Үч-Коргон-Исфайрам” суу пайдалануучулардын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин башкы инженери;

 

Сариева Роза

Керимовна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резевдер фондунун дан жана андан алынган азыктардын сапатын баалоо боюнча лабораториясынын башчысы;

 

Солтонгельдиева Сабира Самидиновна Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы;

 

Субанова Алымкан Сатканкуловна Бишкек шаарынын “Алма Мода” тигүү ишканасынын директору;

 

Темирбаев Абулбек Сатымбаевич Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кочкор-Ата” облустар аралык медициналык реабилитация борбору” мекемесинин балдар психоневрологиясы бөлүмүнүн башчысы;

 

Токтобаева Калипа Дөмөрбековна Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Д. Шопоков атындагы   № 4 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

 

Төлөгөнова Раиса Кадыровна Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Барскоон мөмө-жемиш багы” коомдук бирикмесинин жетекчиси;

 

Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

 

Узакбаева Айнура Зарылбековна Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачынын медицина бөлүгү боюнча орун басары;

 

Усенова Нуруйла Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы  № 9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

 

Шагамурзаев Ашымбек Тиллабаевич Баткен облусунун Баткен районундагы “Жаңырык” фельдшердик акушердик пунктунун фельдшери;

 

«Бир айыл – Бир продукт +1» коомдук бирикмеси

 

Каракол шаары, Ысык-Көл облусу;
«Дан Агро Азыктары» жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаары.

  Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Ш. Жээнбеков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: