КРФФ жана Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында футбол борборун куруу үчүн жерди бөлүп берүү келишимине келди. Бул тууралуу КРФФтин басма сөз кызматы бүгүн, 30-декабрь күнү билдирди.
Алардын айтымына караганда, бөлүнгөн жер шаардын түштүк-батыш аймагында ,”Арча-Бешик” жаңы конушунун кийин жайгашкан А. Масалиев көчөсүндө орун алган.
Эсиңиздерге сала кетсек, кайтарымсыз грант катары 10 млн долларга футбол борборун куруу пландалган. Бишкек мэриясы ушул жылдын 31-декабрына чейин жер тилке бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип кетээрин футбол федерациясы эскертишкен.
Аталган маселе боюнча шаардык кеңештин депутаттары бир нече жолу отурумга чогулгандары менен маселесин карап бүтө элек.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ