Menu

Фото – УКМК: Казакстандан Чүйгө күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз алып кирген туруктуу схема аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын аймагына салык төлөмдөрүнөн качуу максатында Чүй облусунун аймагындагы мунай базасына Казакстан тараптан күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз кирген туруктуу схема аныкталып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кыргызстандык Казакстандын компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп алып Казакстандын темир жолу аркылуу «туруктуу газ конденсаты» жана «уайтспирт» чийки зат компоненти түрүндө кирген күйүүчү жана майлоочу материалдардын контрабандалык каналы аныкталды.

Бул факт КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш катталды.

27-декабрь күнү КР УКМК ККК кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы мунай базасынын күйүүчү жана майлоочу материалдарды дүңүнөн сатуу менен алектенген 7 резервуарлар катарында
сакталган, 4 миң 262 тонна салык төлөмдөрүнөн качкан мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалды.

Ошондой эле 28-декабрда «Кайынды» станциясынан «Кайынды-темир жол» контролдук-өткөрүү пункт аркылуу күйүүчү жана майлоочу материалдарды контрабандалык түрдө киргизүүгө аракеттенип, «уайтспирт» түрүндө көрсөтүлүп салык төлөмдөрүнөн качкан 120 тонналык 4 цистерна-вагон кармалды.

Азыркы убакта жогорудагы төлөнбөгөн салык төлөмдөр түрүндө зыяндарды эсептөө тергөө иштеринин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: