Menu

Сириядагы согуш аракеттерине катыштыгы бар делген жарандын үйүнөн курал-жарактар табылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, Сузак районунун 1991-ж.т. Б.Э. аттуу тургуну өзүнүн жашаган үйүндө курал жарак сактап жүргөнү жөнүндө маалымат алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат Сузак РИИБнин КЖБРне 2019-жылы 25-октябрында КРнын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бирок Б.Э. жүргөн жерин аныктоо максатында атайын тергөө тапшырманын негизинде иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, ал 2014-жылы Россия Федерациясына барып, Турция аркылуу, Өкмөттүк армияга каршы согуш аракеттерине катышуу үчүн Сирия Араб Республикасынын аймагына чыгып кеткендиги жана 2014-жылы согуш болуп жаткан Сирия Араб Республикасына барганга чейин дыйканчылык менен алектенгени такталган.

Алынган ыкчам маалымат боюнча Б.Э. “Катибат аль Имам аль-Бухари” террордук уюмуна кошулган. 2015-жылы июнь айларында анын артынан согуш болуп жаткан Сирия Араб Республикасына үй-бүлөсү (атасы, апасы, эжеси, жээни, өздүктөрү аныкталган) Турция мамлекети аркылуу чыгып кетишип, алардын согуш лагеринде жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, 2019-жылдын 23-декабрь күнү Сузак райондук сотунун тергөө соту тарабынан турак-жайды тинтүүгө берилген токтомунун негизинде, тиешелүү кызматтардын жана калыстардын катышуусунда шектүүнүн жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда Б.Э. үйүнүн чатырынан самандын астынан кызыл түстөгү полиэтилен пакетке оролгон ок атуучу куралга таандык эки даана магазини 12 даана огу менен жана маркировка белгилери өчүрүлгөн белгисиз ок атуучу курал (тапанча), глушители менен табылган. Бул буюмдарды көрсөтүлгөн даректе убактылуу жашаган Б.Э.нин карындашы ок атуучу
куралдарды агасына таандык болушу мүмкүн экендигин тастыктаган.

Алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, Тергөө кызматы тарабынан алынган куралдын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө иш аракеттери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: