Menu

Фото – Москвада Ч. Айтматовдун элесине арналган эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өттү

Бөлүшүү:

28-29-декабрында Москва шаарынын “Луч” Маданий-спорттук комплексинин залында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Спорт боюнча Федерациясынын катышуусунда ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн диаспоралык уюмдарынынын спорттук командаларынын арасында Ч.Айтматовдун элесине арналган «Евразиялык биримдик кубогу» аталган эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирет.

Бул спорттук иш-чаранын максаты улуттар аралык жана достук мамилелерди бекемдөө, сергек жашоону жана боордош элдердин евразиялык руханий жакындыгын даңазалоо болду.

Эл аралык турнирге жалпысынан 26 футболдук команда катышты, алардын ичинде Азербайжан Республикасынан, Тажикистан Республикасынан келген жана Москва шаарындагы тыва диаспорасынын командалары, ошондой эле Россиянын аймактарынан, Екатеринбург, Новосибирск жана Сантк-Петербург шаарларынан волейбол боюнча курама командалары, мындан сырткары Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынан топтолгон 26 команда оюндарын көргөзүштү.

Ч.Айтматовго арналган турнирдин байге фондусу 1-орун үчүн – 100 миң рубль, 2-орун – 70 миң рубль, 3-орун – 50 миң рублду түздү.

Волейбол боюнча адистердин жана судьялардын баасы боюнча бардык катышуучулар волейбол боюнча жогорку адистик деңгээлдеги оюн көргөзүштү.

Эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча Ч.Айтматов Кубокторуна 100 миң рубль байгеси менен жогорку деңгээлде оюн көргөзгөн эркектер арасында “Ысык-Көл” ээ болду, 2-орунга – “Беш Таш” курама командасы; 3 – орунга – “Нур-2” (Таджикистан) командасы чыкты, ал эми кыз-келиндер арасында байгелүү 1-орунга “Ала-Арча” курама командасы ээ болду, 2 – орунга –”Ак-Буура” курама командасы; 3 -орунга “Мундуз” курама командалары алышты.

Турнирдин жүрүшүндө мыкты оюнчу, чабуулчу, машыктыруучу, судьялар, ошондой эле уюуштуруучулар Элчилик тарабынан белгиленип, Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан сырткары, элдер арасында достук, ынтымак, боордоштук мамилелерди бекемдөө жана ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн диаспоралык уюмдарынынын спорттук командаларынын арасында Ч.Айтматовдун элесине арналган «Евразиялык биримдик кубогу»  футбол жана волейбол боюнча Турнирди ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн уюштурууларга Евразия Элдеринин Ассамблеясынын Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: