Menu

Кундуз Жолдубаевага дагы төрт оор кылмыш иши козголуп, батири камакка алынды

Бөлүшүү:

КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаевага дагы төрт оор кылмыш иши козголду. Бул тууралуу журналист Назгүл Мамытова өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Кундуз Жолдубаевага кечээ, 30-декабрда дагы төрт айып тагылып, кылмыш иши козголгон. “Жалпысынан 7 оор кылмыш иши козголду! Буга эмне дейсиз? Журналист болуп иштеп жүргөндө алган эки бөлмөлүү батири камакка алынды”,-деп жазган Назгүл Мамытова.

Эске сала кетсек, 27-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасы каралып, ал 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына алынган. Ага үч: “барымтага алуу”, “массалык башаламандыкты уюштуруу” жана “бийликти күч менен басып алууну уюштуруу” айыбы тагылган. Сотко чейин Кой-Таштагы окуя боюнча бир топ жолу суракка алынган.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы хан сарайынан  УКМКнын Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп, ал ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүп, кагылыш болуп, бир канча адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов учурда Москвада дарыланып, эми өзүнө келүүдө.

8-августта Атамбаев колго түшүп берген. Тагырагы, ал андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшкөн соң, колго түшүп, УКМКга жеткирилген. Машинага чогуу Кундуз Жолдубаева да түшүп, ИИМге жеткирилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: