Бүгүн, 31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
3-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ