Мамлекеттик салык кызматы «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомун сотко берди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы журналисттерге бүгүн, 31-декабрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, «Вечерний Бишкек» ЖАК мамлекетке 9,7 млн. сом жана 2,3 млн. сом туум карыз. Ушул акчаны мамлекетке өндүрүп берүүнү соттон Салык кызматы сурап жатат. Сот 2020-жылдын 16-январында болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ