Menu

Видео – Талант Узакбаев: “Текебаев калп айтып жатат, эч кандай оор жана татаал сүйлөшүүлөр болгон эмес”

Бөлүшүү:

“Акыркы күндөрү “Ата-Мекен” партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмеси тууралу ар кандай сөздөр болуп жатпайбы. Мен ошол тууралу айтайын дегемин, бирок башында белгилеп кетейин, Шыкмаматов менен Текебаевдин ортосунда кандай келишпестиктер болгонун мен билбейм”, –  деп билдирди кечээ, 30-декабрда журналисттерге экс-депутат Талант Узакбаев.

““Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул жаңжал жана биздин тизмеден чыгып кетүүбүз боюнча билдирүү жасап: “көптөн бери, татаал, оор сүйлөшүүлөр жүрүп жатты” дебедиби. Бул калп. Шайлоо өткөн, 2015-жылдан бери партия лидери Текебаев партиянын тизмесиндеги депутаттыкка кандидаттардын бирөөсү менен сүйлөшүү болгон жок. Биз өзүбүз менен өзүбүз калдык. Шайлоодо энергиябызды, акча каражаттарыбызды коротуп, чуркаганбыз. Анан бизде деле ич күйдүлүк болду, “бир чогултуп сүйлөшүп койсо болот эле” деп.  Болот Шерге орун бошотобуз деп, тизмеде анын алдында турган 4 кандидаттын арызын биз менен сүйлөшпөй туруп БШКга берип коюптур. 2015-жылы шайлоонун алдында баарыбыз андай арызды жазганбыз. Бир күнү БШКдан телефон чалып калышты: “силер тизмеден чыгып, кетип жатасыңарбы, бизге арызыңар келди?” деп. Биз “жок, андай эмес, биз тизмеден чыкпай эле турабыз” деп жооп бердик. Анан БШКага төртөөбүздү чакырышты: Кабилова, Балтабаев, мен Узакбаев жана генерал Мырзаматовду. Биз төртөөбүз кетсек, депутат болуп Болот Шер келмек да. Анан биз төртөөбүз БШКга арыз таштадык: “биз чыкпайбыз, анткени биз да добуш алганбыз, Ата Мекендин депутаттарынан биз көп добуш алганбыз” деп….

https://www.facebook.com/331524064188066/videos/2451917715048792/

Текст: Kyrgyztoday.kg

Видео: Элдик медиа

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

84 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: