Menu

Видео – Жаркын Суран кызы, “Азаттыктын” ардагер журналисти: “«Азаттыктан» Осмонакун Ибраимов сүйлөгөндө түңүлүп кетем, азыр «Азаттык» мурдагыдай болбой калды…”

Бөлүшүү:

Азыркы журналисттер интернет же скайп аркылуу деле интервью жасай беришет, эки-үч ушакты чогултуп алып, гезит деле чыгара беришет, биздин мезгилде болсо мынчалык жасалгалар жок эле, оор маагнитфонду ийнибизге асып алып, андан да оор батарейкаларды кошо салып алып жүрчү элек. Бирок ошондой аспаптар канчалык жүк болсо, журналисттин жоопкерчилиги дагы ошончолук оор эле.

Коом дагы ал кезде азыркыдай ачык болбогондуктан, чындыкка өтө муктаж болуп, бузулбаган маалыматка суусап турган мезгил эле. Ошол талаптарды канааттандыргандыктан «Азаттык» ошол кезде «Азаттык» болгон экен. Азыр көп иштер жеңил-желпи болуп кетти, оор магнитофондун ордуна кичинекей эле телефонго баарын жаздырып алса болот. Маалымат алыш-бериш же аны чыгарыш да жеңилдеп кетти, бирок көп нерселер купулга толбойт.

Феликс Кулов менен Топчубек Тургуналиев абакта отурганда, мен алардын үстүнө кирип, интервью жаздырып чыккам. Тамак-аш алып баратам деп, магнитофонду аштын алдына салып алгам, Куловдун өзүнө эмес, башка бирөөгө баратам деп жазылгам, Тургуналиевге баратканда өз паспортум менен киргем, бирок чыгып баратканда атым жазылган кагазды амалкөйлүк менен кайра сурап алгам. Куловдун тарапташтары дагы нааразы болгон – гезит үчүн интервью алып, радио аркылуу чыгарып жиберди деп…

Тургуналиевди – президент Аскар Акаевди мылтык манан атайын деп аткан жерден кармалды деп 16 жылга кесип жиберишкен. Ошол кездеги тергөөчүлөр, прокурорлор, сотторду көрүп, жакамды кармачумун – тагдыры ушуларга тапшырылган кайран гана эл деп. Азыркылар деле ошолордон ашып кеткен жок. Соттун ордуна шоу эле болгон, анткени өйдө жактан буйрутма түшкөн, бирок Тургуналиев сөзгө сынган эмес жана алдастабаган. Чыныгы саясатчы ушундай болуш керек экен деп ойлом койгом.

Ошол кезде сурап калышчу эле – «Азаттыкта» кандай журналисттер иштейт, өтө кыйындарды тандайт ко деп. Жок, андай эмес, кыйын журналисттер көп, кандай болбосун журналистти иштете турган, кыйын кыла турган система керек деп жооп берчүмүн. Бирок азыр «Азаттык» мурдагыдай болбой калды деп көп айтып калышат, ага негиз бар, бирок журналисттердин өзүндө күнөө жок.

Бир эле мисал келтирейин – «Азаттык» аркылуу Осмонакун Ибраимов сүйлөгөнүн укканда эле түңүлүп кетесиң… Ал мамлекеттик катчы кезинде биз ага барганда, колубуздагы микрофонду сууруп алып ошону менен бизди башка ура тургандай сүйлөчү эле. Жаман кейип кетем. Андан тышкары, «Азаттыкта» иштегендер «Ак үйгө» барып кызмат кылып, анан кайра эле «Азаттыкка» келип иштеп калганына таң калам. Бийлик менен жуурулушуп кеткен маалымат каражатында чындыктын үнү угулушу кыйын… Ушул нерсе «Азаттыкты» аксатып койду го деп ойлой берем.

Мокок коом журналистти да мокотуп, чарчатат. Курч коом болсо журналисттерди курчутат экен. Ошол эле учурда коомду курчутуш же мокотуп салыш дагы журналисттердин колунда

Булак: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: