Menu

Визаларды тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы кабыл алынды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы кабыл алынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын жаңы редакциясы төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

– визаларды тариздөө процедураларын санариптештирүү;

– «Электрондук виза» системасын мындан аркы өркүндөтүү;

– бюрократиялык процедураларды кыскартуу;

– визаларды алуучулар менен түз байланышты жоюу;

– өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу;

– коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу.

Документтин жаңы редакциясы:

– тышкы миграцияны каттоонун Бирдиктүү системасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын аймагына келгендер жөнүндөгү маалыматтарды ыкчам алмашат, бул өз кезегинде тышкы миграция чөйрөсүндөгү тиешелүү органдардын миграциялык процесстерге борборлоштурулган башкарууну киргизүүсүн шарттайт;

– чет өлкөлүк жарандардын уруксат берүүчү документтерди толтуруудагы шарттары жана жол-жоболору жеңилдетет;

– эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: