Жалал-Абад облусунда баңгизат сатууга шектелип бир адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Токтогул районунда баңгизат саткан адам жолугушууга келип, ал баңгизатты сатууга аракет кылганда кармалган. 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу шектүүнүн жанынан 558,6 грамм гашиш салынган 51 даана ширеңкенин кутучасы табылган. Бул факт Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ