Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Жазуучулардын союзунун мүчөсү, акын, котормочу, жазуучу Мукан Асаналиев 73 жашында көз жумду. Маркумдун сөөгү эртең, 4-январда Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ