Menu

АКШнын CNN телеканалы Кыргызстанды туристтер эс ала турган эң мыкты 20 өлкөнүн катарына киргизди

Бөлүшүү:

Америка кошмо штаттарынын CNN телеканалы Кыргызстанды туристтер эс ала турган эң мыкты 20 өлкөнүн катарына киргизди. Бул тууралуу CNN Travel жазып чыкты.

CNN телеканалы чыгыштан Кытай, түндүгүнөн Казакстан, батышынан Өзбекстан курчап турган Кыргызстанды “Борбордук Азиянын бермети” деп атап, Ысык-Көлдү аймагындагы жайдак тоолорду Американын батышындагы улуу каньондору менен атаандаша алат деп салыштырган. Ал эми бийике тоолуу жайлоолорду Европанын Альпы тоолорунун шиберлери менен теңтайлаша алат деп ишендирет.

“Кышында Караколдо лыжа тээп эс алса болот, ал эми жайында Тянь-Шань тоолорун жөө же атчан кыдырып, Кыргызстанда жылы бою эс алууга болот” деп жазат CNN Travel өзүнүн сайтында.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: