Бишкектеги Кулиев көчөсүндө токтоп турган машина уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 2- январда, болжол менен кечки саат 20:30та болгон. Кулиев көчөсүндө токтоп турган кызыл түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинаны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ