Menu

Милиция 8 күндөн бери дайынсыз жоголуп жаткан 25 жаштагы оорулуу жигитке издөө салат

Бөлүшүү:

1992-жылы туулган Хажиматов Кенжебек Абдумалик угли  2019-жылдын 26-декабрь күнү саат 07:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Чүйүт-Сай айылындагы үйүнөн белгисиз себептер менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралу Таш-Көмүр шаардык милициясы билдирет.

Белгилери:

Боюнун узундугу 170-175 см, орто дене түзүлүштө, ак жуумал, чачы кара кыска, психикалык жактан оорулуу, бала кыял, 2019-жылдын 25-декабрь күнү Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан Республикалык психикалык ооруканадан дарыланып чыккан.

Кийген кийимдери:

Үстүндө кара түстүү кышкы куртка, саргыч түстүү жемпир, кара түстүү спорт шымы, бутуна кара түстүү галош кийип жүргөн.

Жогорудагылардын негизинде дайынсыз жоголгон Хажиматов Кенжебек Абдумалик угли боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо Таш-Көмүр ШИИБне же төмөндөгү телефон номерлерге чалып коюуңуздарды суранабыз:

(03745) 5-02-57

(0779) 64-64-84

(0702) 64-64-84

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: