Өкмөт аппаратынын коопсуздукту, коомдук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүм секторунун башчылыгынан убактылуу четтетилген Егор Скобеев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, Скобеев тергөө менен кызматташууга барганы үчүн анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 21-сентябрында Егор Скобеев жемкорлукка, Атамбаев менен кошо мыйзамсыз курал сатууга шектелип Аскердик прокуратурасы тарабынан кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ