Кыргызстандагы саясый абалга өзгөчө көз карашын билдирип келген жердешибиз, блогер Валентина Пахман өзүнүн “Фейсбук” баракчасына адаттагыдай кыскача, бирок, “керкакшыкка” салган төмөндөгүдөй пост калтырды:
“Алгач Атамбаевдин түрмөдөн элге кайрылуусун окудум. Андан кийин Равшан Жээнбековдун элге болгон кайрылуусун окудум. Эми болсо, Сапар Исаковдун түрмөдөн элге кайрылганын окуп жатам. Деги биздин түрмөлөрдү кайтаргандар барбы, ыя? Менде “бан” баракча минтип жүрбөйт. Кимди “банга” тыксам, “күчүктөр” ошол бойдон тынч олтура берет, эч кандай пресс-конференция деген жок. Же биздин түрмөлөрдө маалыматтар аркырап, ар кайсыл тешиктен кирип-чыгып калганбы? Же түрмө башчысын мага адистик сабагынан тренинг өткөнгө жибересиңерби?” – деп жазып, суроо салат Валентина Пахман.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ