Menu

Милиционер Майрамбек Абыловду өлтүргөн адам эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Ноокенде Майрамбек Абылов аттуу милиционерди өлтүрүүгө шектелген адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 3-январда журналисттерге билдирди.

Алардын айтымына караганда, шектүүнүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, аны эки айга камакка алуу чечими чыккан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Эске сала кетсек, 1-январда, саат 04:15 чамасында Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасына киши колдуу болгон 30-35 жаштагы эркектин сөөгү алынып келип, өздүгү такталган. Ал ички иштер органдарында иштеген 30 жаштагы милициянын сержанты Майрамбек Абылов болуп чыккан. Ага эки айылдаш иниси чалып, Ноокен районунун Арал айылынын Орто-Сай участогунда эки, үч бала сабап, алар талаада качып жүргөндүгүн билдирген. М.Абылов инилерине жардам берүү үчүн айтылган дарекке барып, сабагандардын бирин кармаганда, ал бычак менен аны сайып жиберген.

Маркум үй-бүлөлүү болгон, анын артында эки баласы калган. Ал ички иштер органдарында 2013-жылдан бери иштеп келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: