29-декабрда Азербайжандын Агдаш районунда жаңы эле үйлөнүшкөн жаш жубайлардын ата-энелери тарабынан күтүлбөгөн окуя катталган. Бул тууралу Demokrat.az басылмасы жазып чыкты.
Жаш келиндин атасы менен күйөө баланын апасы бири-бирин жактырып калышып, кайда кетишкенин эч кимге айтпай кол кармашып качып кетишкен.
Мунун айынан жаш жубайлар чырдашып, ажырашканы жатышат.
Куда менен кудагый болбой калышкан эки сүйүшкөндөр бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн кайда экенинен кабар берише элек.
Булак: Oxu.az
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ