Бүгүн, 4-январда түнкү саат 01:00 чамасында Баткен облустук ооруканасынан милицияга 26 жаштагы келин катуу сабалып, оор абалда жандандыруучу бөлүмгө келип түшкөнү тууралу маалымат билдирилген.
Милициянын ыкчам иликтөөчү тобу ооруканага жетип келип, сабалган келин 1993-жылы туулган Баткен шаарынын тургуну А.Н.Т. экенин такташкан. Ал 2012-жылдан бери ушул эле Баткен шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган С.Ш.А. аттуу жаран менен баш кошуп жашап, 3 балалуу болушкан.
3-январдын кечинде жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, күйөөсү аялын эсинен танганча сабай берген. Уруп-сабоолордон алган жаракаттардан улам 26 жаштагы келин өзүнө келе албай көз жумду.
Милиция зөөкүр күйөөнү камакка алып, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Алардын 3 баласы жетим калды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ