31-декабрда Москвада таксист болуп иштеген эмгек мигранты, 1994-жылы Жайыл районунда туулган Адилет Байсабаев өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн батиринде бычакталып, анан терезеден ылдый ыргытылган. Жерде кансырап жаткан Адилетти өтүп бараткан эле адамдар байкап калып, “тез жардам” чакырышкан. Бирок алган жаракатынан улам Адилет эсине келе албай көз жумган.
“Ооба адам өлтүрүү болду, күнөөкөр кармалды. Азыр тергөө-иликтөө иштери бүтмөйүнчө тергөөчү мекендешибиздин сөөгүн моргтон алып чыгып кеткенге уруксат бербей жатат. Дүйшөмбү күнү уруксат берилсе мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтөбүз. Элчилик менен ИИМдин өкүлчүлүгү бул багытта иштеп жатышат”, – деп билдирди Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ