Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, жер титирөө кечээ, 5-январда, саат 15:59 чамасында болгон. Жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан түндүк-чыгышка 17 чакырымда, Жайылма айылынан түштүк-чыгышка 18 чакырымда, Кашка-Суу айылынан түштүккө 19 чакырымда, Сары-Могол айылынан түштүк-батышка 25 чакырымда, Кабык айылынан түштүк-чыгышка 29 чакырымда, Кара-Кабак айылынан түштүк-батышка 30 чакырымда, Талды-Суу айылынан түштүк-батышка 32 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-батышка 117 чакырымда, Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 173 чакырымда катталган. Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында 3,5 баллга, Кара-Кабак жана Кабык айылында 3 баллга жеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ