Menu

Видео – Гүлайша Токтобаева: “Кыргыз элим, менин каза болгон кызымдын сүрөтүн коюп, акча чогулткан шылуундар чыкты. Алар силерди алдап, акча чогултуп жатат, алданбагыла!”

Бөлүшүү:

Учурда Москвада жашап жаткан Гүлайша Токтобаева аттуу айым видео аркылуу кыргыз элине кайрылды. Анын айтымында, Аделина Токтобаева аттуу кызы ооруп, Москвадагы онкологияда жатып, дарыланып, былтыр 1-октябрда каза болгон. Кызынын сөөгүн Кыргызстанга алып келип, өз жерине коюп кетишкен. “Учурда бирөөлөр менин кызымдын ооруп жаткандагы сүрөтүн “Помощь Кыргызстанцам” дегенге чыгарып, элден жардам сурап, акча сураган шылуундар чыгыптыр. Ал жерде атасы Жолдош, апасы Аксана деп жүрөт, телефондорун жазып коюптур. Булар менин кызымдын ата-энеси эмес, ал каза болгон кыз менин кызым. Ким койсо дагы, өчүргүлө, кызым жаткан жеринде тынч жатсын! Кыргыз элим, шылуундарга алданбагыла, ушундай адамдар бар экен!“,-дейт Гүлайша Токтобаева.

Токтобаева Гүлайша айымдын элге кайрылуусун төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: