Menu

Назира Айтбекова эркектердин он кемчилигин, он артыкчылыгын айтты. Кайсы эркекте кандай сапат бар?

Бөлүшүү:

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова “Кечирип койгула”, “Атыңызды ким дедиңиз?” аталышта тамаша-чыны аралаш айымдарга кандай эркектер жагаарын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй пост калтырды.

“Кечирип койгула!”
1. Тырмагы өсүп, ичи көң толгондор, же кулагынан кулкусу чыгып калган эркектер, кечирип койгула.
2. Тер жыттанып, байпагы былжып кеткендер, силер да кечирип койгула!
3. “Кат жазды бала атага. Катасы өлө толтура!” Силер да ары тургула! Кыздар сабатсыздарды сүйө бербейт.
4. Атырга жуунуп, маникюрга барып, шуруну мойнуна салып алгандар, кыскасы, менин жанымда турганда кимибиз кызыраак экенибиз билинбегендер, I am sorry!
5. “Сеп” этип коймой жайы барлар, дегеним, бөтөлкөнү көргөндө кыз көргөндөй, жайнагандар, түтөп, түтүнгө зажигать кылгандар да, извините пожалуйста.
6. Битти сыгып, канын жалагандар, өлааа ошолор өлө жакпайт да. Официант менен эсептешип атканда акыркы тыйынын кошо сала кетет го! Калчылдап, эсептешип, ар бир тыйын үчүн жанын бергендер, силер өзгөчө простите, не могли вы отойти!
7. Сүйлөгөндө асмандан айды алып берип, кылаарга келгенде алма бактан алма үзүп бере албагандар да, изминяйимся! (извиняемся)!
8. Оозун ачса эле өрдөгү уча бергендер, көркөм тилди анан кыргыз фольклорундагы калп жанрын сүйгөндөр да, кечирсин!
9. Ал эле, бул эле, апийимдин гүлү элелер, ушакташканды бизден талашпай эле койгула! Ары жаткыла, айланайындар!
10. Коркунуч келсе, көйнөктүн алдына жашына калгандар да, суу жүрөктөрдү сугара албайбыз, сопсорри!

“Атыңызды ким дедиңиз?”
1. Көзүндө кабыландын карашы жаткандар, айбаты арстандай барлар, руху – духу күчтүү, намыска бектер, атыңызды ким дедиңиз?
2. Буттан жаңылса жаңылгандыр, бирок, ооздон жаңылбайт. Сөз – ок. Бир жолу чыктыбы, кайра кайтарылбайт. Айттыңбы, аткар дегендер, ананайындар, бар болгула!
3. Оңой менен жаңжал чыгарбайт, бирок, жеткен чегине жеткиргенде тумшукту түздөй койгондор (аялдыкын эмес, албетте) , анча – мынча селпектегендерден “жалпак жөжө” жасаганды билгендер, таанышып алсак болобу?
4. Сүйлөгөндө орундуу сүйлөп, жаагың талып, макияжың агып калгыча тамашанын калемпирин чыгаргандар, кайдасыңар, каражандар?
5. Орусча – кыргызча ж.б. тилде сабаттуу жазып, кайсы гана жааттан суроо бербе, жообу даяр болгон акылдуулар, акылыңардан чимирилели!
6. Аялдын сезими менен эсептешип, кирпигибизден кайсы шубаны каалап, ичибизден эмне деп тибиреп атканыбызды окуп, көзүбүздүн агы менен кошо айлана алгандар, романтикага бөлөп, көңүлүбүздү көтөрүү үчүн чуркагандар….ийййий өлүп эле кетебиз го!
7. Чөнтөгүнөн чыгарган сайын чыгып эле, балпалактап турган жоомарттар, кайсы жолдуулар мененн жүрдүңөр экен?
8. Эмгекти сүйүп, өсүштү билип, өзүнүн үстүнөн иштеп, тубаса лидер сапаты барлар, саныңар көбөйсүн!
9. Аял дегенде аяр карап, бирди сүйсө, миңин чанып, бирөө үчүн өмүрүн бергендер, однолюб байкелер, каяктасыңар? Кызыл китептеби?
10. Караңгыда жол таап, капилеттен сөз таап, даанышмандыгы , акылмандыгы, көкүрөгү көзүнөн мурун көргөндөр, жомоктон жөө чыксаңар да, келгилечи жашообузга!“,-деп аяктаган сөзүн Назира Айтбекова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: