Menu

Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан чыр чыгып, асманга ок атылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-январда Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылында чек арадан чыр чыгып, асманга ок атылды. Бул тууралуу алгач жергиликтүү тургундар журналисттерге билдирген. Чоң-Сай айылынын башчысы Өскөн Рүстөмов аны ырастап, жаңжал чыгуунун себебин айткан.

Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арачылары учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Чырдын чыгышына чек ара тилкесинин такталбагандыгы себеп болгон. Бүгүн Ак-Курча участкасында жайылып жүргөн жергиликтүү айылга таандык 500дөй койду өзбек чек арачылары айдап кетишкен. Айыл тургундары артынан барышканда, өзбек чек арачылары асманга ок чыгарган. Ушундан улам, чыр чыккан. “Коңшу тарап тынчтык жолу менен биздин койлорду кайтарып берерине терең ишенем”,-дейт Рүстөмов.

Чоң-Сай айылында 600дөн ашуун жашоочу бар, ал айыл райондун борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көк-Таш айыл аймагында кыргыз-өзбек чек арасында такталбаган 19 миң 200 гектар жер бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: