Хорватия мамлекетинде президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, Зоран Миланович жеңишке жетти. Ал азыркы президент Колинда Грабар-Китаровичти жеңди. Аталган өлкөнүн мурдагы премьер-министри, оппозициялык Социал-демократтар партиясынын лидери шайлоочулардын 53 пайызынын колдоосуна ээ болсо, президент 47 пайыз алган.
51 жаштагы Колинда Грабар-Китарович Хорватияны 2015-жылдын бери башкарып келет. Ал өлкө тарыхындагы алгачкы аял президент болуп эсептелет.
Эске сала кетсек, Хорватиядагы президенттик шайлоонун биринчи туру былтыр, 22-декабрда болуп өткөн. Анда Зоран Миланович 29,55% добуш алса, азыркы президент Грабар-Китарович 26,65% пайыз добуш алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ