Menu

Видео – Бермет Букашева: “Эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат? Регионалдык фактор роль ойноп жатат, түндүктүктөр түштүктүктөргө каршы бөлүнүшөт, адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр”

Бөлүшүү:

-Атамбаевди камакка алуу чынында өзгөчө окуя болду – муну эч ким пландаштырган эмес эле, күтүлбөгөн жерден окуя ушул нукка бурулуп кетти… бул деген элдин кызыкчылыгы үчүн да – мындай мыйзамды сыйлабаган кишилерди акыры соттошот, кийин андай адамдардан саясатка эч кандай таасир болбош үчүн, мындай терс көрүнүштөр кайталанбаш үчүн. Бирок коомчулуктун жарымы тескери кетип, Атамбаевди коргоого алып, мактап, айга-күнгө теңеген сүйүүлөрүн арнап киришти, бул эмнеси?

– Бир жагынан бул кубулушту түшүндүрүш үчүн психологдор менен психоаналитиктерге кайрылыш керек, ошолор гана түшүндүрүп бере алат. Менин оюмча бул жерде мындай феномен жатат – адамдардын эске тутуму өтө кыска, адамдар жаманчылыкты тез эле унутуп коюшат, анан камалган кишиге боору ооруп киришет…  Бул деген акылсыздык да! Ал адам түрмөдө мыйзам бузгандыгы, учурунда бийликти узурпация кылып алгандыгы үчүн олтурат.  Өзүнүн айланасына коррупциялык топту түзүп алгандыгы үчүн. Ал адам өзүнүн шоопурларын, жан сакчыларын мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындаган. Эмне мунун баарын тез эле унуттуңарбы?

-Стокгольм синдрому деп койчу беле…

-Ооба, Стокгольм синдрому… Өзүнчө эле мазохизм… муну психоаналитиктер эле түшүндүрбөсө…

– Ошол эле учурда азыркы бийликти эмнеге мынчалык жек көрүшөт? Атамбаевге сүйүүлөрүн арнашып, ал эми жаңы бийликти каргап-шилешет? Сиз кандай ойлойсуз?

Ошол эле себептер менен – Атамбаевди түрмөгө олтургузду деп жаман көрүшөт…

-Досун сатып кетти деп…

Досун сатып кетти… алардын көз карашы боюнча кайсы бир коррупционерди камабайт… чынын айтканда мен деле ошондой радикалдуу аракеттердин тарапкеримин – кимдин кирешесинин булагы далилденбесе, алардын баарын камаш керек…  анан алардын күнөөсүн далилдеш керек же алар өздөрү күнөөлүү эмес экенин далилдешсин. Бул багытта мен да бийлик тез жана катуу чараларды көрүш керек деп ойлойм.  Экинчи тарабынан ушул үчүн эле дароо Атамбаевчилер менен биригип кетпеш керек да. Көрүнүп эле турбайбы, Атамбаевчилер менен биригип кетишти: “атамбаевчилер байкуштар жана куугунтук жегендер” имиш. Атамбаевчилер да алардан ашып түшкөн коррупционерлер…

Мен дагы бир нерсени айта кетейин, “эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат?” деп сурабадыңызбы, бул жерде регионалдык фактор роль ойноп жатат. Түндүктүктөр эмнегедир түштүктүктөргө каршы туруп, бөлүнүшөт. Тилекке каршы адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр. Бул дайыма көрүнүп турат. Бул адилетсиздик деп ойлойм мен. Жөн эле “мына түштүктүктөр бийликти басып алды” деп айтып, ал үчүн аларды жек көрүү – бул өтө жаман көрүнүш. Бизде ушундай инстинкттердин калганы да жаман көрүнүш, мен муну түндүктүн кызы катары айтып жатам, – деди журналист Бермет Букашева.

Видео: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: