Бүгүн, 6-январда КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов өзүнүн Тwitter баракчасына Алмазбек Атамбаевдин эки уулуна (Сеидбек Атамбаев менен Кадырбек Атамбаевге) нааразычылыгын билдирген төмөндөгүдөй пост калтырды
“Жакында эле Атамбаевдин балдары атасынын камакка алынганына байланыштуу саясатка аралашып жаткандары тууралуу катуу билдирүү жасашкан. Бирок, алар Алмазбек Атамбаевдин жанында жүрүп камалган Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбековдун сотун эстегилери дагы келбейт. Бул такыр туура эмес, жигитчиликке жатпайт”, – деп жазган Турдукулов.
Ал эми 27-декабрь күнү Адил Турдукулов ушул эле баракчасына: “Атамбаевдин балдары атасынын гана сот процесстерине баргандан башка да 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча соттолуп жаткандардын процесстерине да барганды үйрөнүшү керек” деп жазган эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ