Өзбекстандык чек арачылар кыргыз тараптын 520 баш жандык малын кайтарып берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылындагы чек арада чыккан чыр боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, өзбек тарап кыргызстандыктардын малын кайтарып берген. Кыргыз тарап өзбек чек арачыларына доосу жок экенин билдиришкен. Эки тараптын чек арачылары жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда чек арадагы абал тынч.
Эске сала кетсек, кечээ, 6-январда Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Чоң-Сай айылында чек арадан чыр чыгып, асманга ок атылганы белгилүү болгон. Ошол эле күнү, 6-январда Мамлекеттик чек ара кызматы так маалымат берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ