Menu

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата конкурс жарыяланды

Бөлүшүү:

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-январда билдирди.

Алардын айтымында, конкурс кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында видео ролик өндүрүү боюнча конкурс жарыяланган.

Талаптары: роликтер кыска метраждуу болууга тийиш; эки категория менен кабыл алынат: 1) узактыгы 60 секундадан ашпоосу зарыл; 2) узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу зарыл. Сынакка катышуучу бир нече видео ролик жөнөтө алат, бирок бири- биринен өзгөчөлөнүп, айырмалануусу шарт. роликтер санариптик маалымат жыйнагыч (USB, диск, флешка) аркылуу уюштуруу комиссиясына жөнөтүлөт; Форматы – MP 4; Мазмуну Кыргызстандын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү. Интеллектуалдык менчик: Сынактын катышуучулары жиберилген видео роликтерге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

Критерийлери: Мазмундуулугу жана конкурстун темасына ылайык келиши; Жеткиликтүүлүгү: конкурстук материалдар жөнөкөй, максаттуу, аудитория үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл; Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү, ошондой эле чагылдырууга болгон стандарттуу эмес мамиле болушу шарт. коомдук-саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол берилбей, улуттун тарбиялык, адеп-ахлактык, патриоттук баалуулуктарына басым жасоо мамилелери эске алынат.

Байгелери:

1 — орун (эки сыйлык), ар бири – 30 000 сом.

2 — орун (эки сыйлык), ар бири – 20 000 сом.

3 — орун (эки сыйлык), ар бири – 10 000 сом.

Мөөнөтү: 8-январдан 10-мартка чейин. Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбору. Байланыш телефону: +996 312 661 947, 0771323979

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: