Орусиянын Хабаровск шаарында бир жашка чыга элек ымыркай балкондо беш саат жатып, сууктан көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме кылып жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, ымыркай чарчап калган күнү Хабаровск шаарында -15-20 градус суук болгон. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркай тоңуп чарчап калганын, аны ата-энеси балкондо калтырып койгонун билдирген.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, апасы коляскадагы баласын таза абада уктасын деп балконго чыгарып койгон, ал жерде ымыркай 5 саат жатып калган. Бул факт катталып, баланын апасына “Адам өлтүрүү” айыбы тагылып, кылмыш иши козголгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ