Menu

Видео – Ат-Башыда хоккей боюнча Нарын облусунун турнири өттү

Бөлүшүү:

4-январь күнү Ат-Башы районунун Казыбек айылында хоккей боюнча Нарын облусунун турнири болуп өттү. Ага Миң-Куш жана Нарын шаары менен Ат-Башы өрөөнүнүн айылдарынын хоккей командалары катышты.

Тагыраагы муз үстүндөгү мелдеш Миң-Куш, Нарын шаарынын, Талды-Суу, Ак-Муз жана Казыбек айылдарынын командаларынын ортосунда жүрдү.

1-орунду – чемпиондукту Миң-Куштун хоккейчилер командасы 23 упай менен утуп алды.

2-орунду Казыбек айылынын командасы 9 упай менен жеңип алды.

3-орун Нарын шаарынын жаштар командасына 6 упай менен ыйгарылды.

Турнирдин соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өтүп, анда:

1-орунга чыккан Миң-Куш командасы 10 000 сом, кубок, диплом, медаль менен сыйланды.

2-орунга чыккан Казыбек айылынын командасына 5 000 сом, диплом, медаль ыйгарылды.

3-орунга чыккан Нарын шаарынын жаштар командасы 3 000 сом, диплом, медаль менен сыйланышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: