Menu

Баткенде аялын аоёсуз сабап, өлтүргөн киши эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Баткенде аялын аоесуз сабап, токмоктоп, өлтүргөн киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 4-январга караган түнү аялын токмоктоп, өлтүргөн деген шек менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 31 жаштагы тургуну кармалган. Ал териштирүүдө аялы менен алты жыл жашап, үч баласы бар экенин жана  кер-мур айтыша кетип, сабап койгонун айтып берген. Келинге тез жардам чакырылып, ооруканага жеткирилген. Анын денесинде көк ала тактар болуп, бутунда күйүктүн тагы аныкталган. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130 беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, иликтөө иштери башталган. Аялын сабаган киши камакка алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Сүрөттө: Бир кездеги бактылуу үй-бүлө. Дал ушул сүрөттү социалдык тармакка аларды жакшы тааныгандар таратып жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: