Ош шаарында сатуучуну тапанча менен коркуткан адам кармалып, анын жанынан баңгизат табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 7-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, былтыр, 30-декабрда Ош шаарындагы 1995-жылы туулган адам арыз менен милицияга кайрылган. Ал А.Шакиров көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде, кечки саат 20:30 чамасында бейтааныш, сакалчан адам кирип келип, ага тапанча такап, коркутканын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сакалчан адам кармалып, өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну Т.И. экени такталган. Аны кармоо учурунда, анын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча жана 3,5 грамм гашиш табылган. Ага Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен иш козголгон. Анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, эки айга камакка алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ