Өзгөндө 62 жаштагы адам баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Өзгөн районунун Большевик айылынын 62 жаштагы тургуну, «Дудай» каймана аттуу жаранды баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 4 килограмм нашаа жана револьвер тапанчасы табылган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ