Menu

“Акнеттеги” чыр: бизнес бөлүшө алышпай, эми сот карайт

Бөлүшүү:

“Акнет” компаниясынын башчысы Кубан Ажимудинов салык төлөөдөн качып, бул боюнча ага карата кылмыш иши козголгон эле. Эми сотко өткөн ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карамай болду. Бул тууралуу 7-январда соттун канцеляриясы билдирди.

Эскертте кетсек, Кубан Ажимудиновго салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, ишеним артылып берилген мүлккө ээлик кылуу, курал жана ок-дары сатуу, жасалма документ жасоо айыптары коюлган.

Тергөө учурунда “Акнет” ЖЧКсынын бухгалтериясынан 2013-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги көмүскө касса табылган, ошондон кийин салык текшерилген. Текшерүү жыйынтыгында жалпы жонунан 616 млн 816 миң 112 сом салык жана башка төлөмдөр төлөнбөгөндүгү аныкталган.

“Акнет” интернет-провайдери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматынын көзүнө ноябрдын соңунда түшкөн. Финполго фирма ээлеринин бири арыз менен кайрылган. Ал ЖЧКда акча желип жатканын, жасалма келишимдер жасалганын жана башка мыйзам бузуулар бар экенин арызында келтирген. Азыр компанияда топ-менеджерлердин жаңы командасы иштеп жатат.

“Акнет” ЖЧКсынын ээлери – Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов. Кубан менен Аскар бала кезинен бери дос болуп келишкен. Жактоочулардын айтымында Аскар Кутанов “Акнеттин” иштери менен иши да болгон эмес.

Чырды баштап, арыз жазган – үчүнчү ээси – Руслан Абдумажитов. Бирок камакка Кубан Ажимудинов гана алынган. Эксперттердин ою боюнча, өнөктөштөр кирешелүү бизнести бөлүшө албай коюшкан.

Бул иш боюнча жакында боло турган сотко Адылбек Эсенбаев төрагалык кылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: