Бүгүн, 8-январда, эртең менен Оштогу Чоң-Алай районунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, күчү Кара-Тейит айылында 3 баллга жеткен. Карамык айылында болсо 2,5 балл болуп сезилген. Эч ким жабыркаган жок, эч нерсе кыйраган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ