Тегерандагы учактын кырсыгынан бир да адам тирүү калган жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги Иран улуттук телевидениесине шилтеме кылып, жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, учактын ичинде 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Ал эми Ирандын ММКлары учактын ичинде 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгонун маалымдашты.
Эсиңиздерге сала кетсек, украиналык Boeing 737 учагы Тегерандагы эл аралык аэропортунан абага көтөрүлгөндө эле кулаган. Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кыйрашына техникалык кемчиликтер себеп болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ