Санкт-Петербурдагы кыргызстандык таксистти кардарлар тоноп, машинасын уурдап кетишти. Бул тууралуу «Фонтанка» жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, бул окуя 5-январда болгон. Ал күнү төрт бала таксиге отуруп, айдоочуну муунтуп, акчасын тоноп. көчөгө ыргытып жиберип, анын машинасы менен качып кетишкен. Ошол эле күнү 27 жаштагы жабырлануучунун атасы, “Киа Рио” үлгүсүндөгү ак машинасынын ээси, 49 жаштагы кыргызстандык Лутфилла Хакимов полицияга кайрылган. Ал таксист баласын Ветерандар проспектисиндеги 171/1 үйдұн жанынан төрт бала тоноп, машинасын айдап, качып кеткенин билдирген. Хакимов баласына кардарлардын бири бычак менен коркутса, артында отурган бирөөсү муунткан. Алар уулунун 2 миң рублин алып, көчөгө түртүп жиберип, анын машинасын айдап кетишкен. Анын божомолунда, тоногондор азиат улутундагы 20–35 жаштардагы жигиттер. Бул факт каттоого алынып, кылмыш иши козголуп. учурда уурулар изделүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ