Menu

Эңгиреген экономикаң алтын менен ЕАЭБге көз карандыбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экономикасы Кумтөрдөгү алтындын казылып алынышына көз каранды. 2019-жылы алтын ири көлөмдө казылып алынып, натыйжада өнөр жай өсүшүнүн көрсөткүчү кыйла жогору болду.

Бирок кен казуу тармагында иреттүү тартип жок. Кайсыл жерде болбосун, жергиликтүү тургундар кен казууга каршы митинг уюштуруп келет.

Анын үстүнө 2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүүдөгү кээ бир техникалык регламенттердин мөөнөттөрү да соңуна чыкты. Эксперттердин айтымында, 2020-жылы мунун бардыгы экономиканын абалына терс таасирин бере баштайт.

Бардыгы алтынга көз каранды

2019-жылдын башында бардыгы ойдогудай көрүнгөн. “Кумтөр”  алтынды жакшы казып жаткан. Өлкөнүн ички дүң продуктусу илгерилеп калган эле. Январда адеттегидей ишкердик активдүүлүк басаңдаганы менен, экономиканын өсүшү 6,4 пайызды түзгөн.

Эксперттер “сүйүнүүгө эрте” деп эскертишкен. Жылдын экинчи жарымында баалуу металлдарды казып алуу көлөмү азайып, экономика да өсүшү да басаңдаган. 2019-жылдын апрелинде эле ИДПнын өсүшү январга салыштырмалуу араң 0,7 пайызды түзгөн. Августтан тарта экономика басаңдап олтуруп, ноябрга карата 4,9 пайызды түзгөн.

Евразиялык банктын аналитиги Айгүл Бердигулованын айтымында, 2019-жылдын биринчи жарымындагы өсүш экинчи жарымында кадамкидей жайлады. Бул “Кумтөр” ишканасындагы алтын өндүрүү динамикасын аныктап койду.

“2019-жылы калктын акчалай кирешеси менен инвестициялык активдүүлүктүн фонунда өлкө ичиндеги талап экономикага көмөк көрсөтүп келди. Натыйжада, Еварзиялык өнүгүү банкынын баасы боюнча, 2019-жылы өлкөнүн ИДПсы (ички дүң продуктусу) 4 пайызды түздү”, – дейт эксперт.

Уран менен алтынга каршы

Өткөн жыл кыргызстандыктардын кен казууга каршы турушу менен эсте калды. Эгемендүүлүк алганы мындай кен иштетүү долбоорлору ызы-чуу менен коштолуп келгенине көнүп деле калгандай болдук. Бирок 2019-жыл өзгөчө эсте каларлык.

Бардыгы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин казуу боюнча долбоордон башталды. Тоң районунан уран менен торий казылып алынып, Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына иштетилет деп жатышкан. Бирок февралда долбоорго каршы массалык митингдер башталды.

Туу чокусу апрелдин соңунда Бишкекте болуп өттү. Андан кийин эле өлкөдө уран казууга толук тыюу салуу мыйзам долбоору келип чыкты.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште чоң талаштардын себеби болду. Акыры депутаттар аны кабыл алып, президент да колун койду.

Бирок уранды казууга инвестиция салгандар менен талаш-тартыш тынчый элек, алдыда далай соттук териштирүүлөр болот окшобойбу.

Августта Нарын облусунун Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар ортосунда жаңжал чыкты. Митингге 300дөн ашык жергиликтүү тургундар чыгышты.

Алар алтын казган Zhong Ji Mining кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышты. Натыйжада митингчилер менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытканга чейин барышты. Солтон-Сары кениндеги жаңжалдан 20 киши жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Иш аз жерден эл аралык ызы-чууга айланып кете жаздады. Кытайдын элчилиги ачуу билдирүү жасап, кытай ишканасына кол салуу болгондугун айтып чыкты. Кытай дипломаттары кыргыз өкмөтүнөн мыйзам чегинде тийиштүү чара көрүүнү, кытай жарандарынын коопсуздугун талап кылышып, экинчи мындай жаңжалдын кайталанышына жол бербөөнү суранышты.

Акция бир нече күн уланды. Натыйжада өкмөт Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын токтотуп турууга аргасыз болду. Солтон-Сарыда иш уланабы-уланбайбы, алигүнчө белгисиз.

Аткезчилик менен күрөш

Кыргызстандын экномикасына жана бүджетине аткезчиликтин агымы да зор таасирин берет. 2019-жылы бул тема бир нече ирет көтөрүлдү. Эң алгач коңгуроону мунай трейдерлери кагышты. Коңшу өлкөлөрдөн мыйзамсыз күйүүчү майлар келип жатканын келтиришип, легалдуу бизнес коркунучка кептелгенин айтып чыгышты.

Эксперттердин эсебинде, 2018-жылы Кыргызстанда күйүүүчү майлардын көмүскөдөгү үлүшү 25 пайызды түзгөн. Мындайча айтканда, өлкөдөгү ар бир төртүнчү литр – аткезчилик менен келген.

2018-жылдагы маалыматтарга ылайык, күйүүчү майлардын рыногунда салыктын эки түрү (акциз жана кошумча нарк) боюнча бүджет 3 млрд сомдон куржалак калган. Бул күйүчү майларды импорт кылгандардын кадыресе расмий эсеби боюнча гана. Кээ бир экономисттер өлкөдөгү күйүүчү майдын көмүскө рыногу 40 пайызга жетерин айтышууда.

2019-жылдын соңунда өкмөт күйүчүү майларды Кыргызстанга автоунаа менен ташууга тыюу салууга аргасыз болду.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-январынан баштап, өлкөгө күйүүчү майларды кое берүүдө автоматташтырылган система киргизилди. Күйүүчү майды дүңүнөн менчигинде мунайзат сактоочу базалары бар компаниялар гана сата алышат, ал эми чекене түрүндө АЗСте гана сатылмакчы.

Мындай иш-чаралар аткезчиликти токтото алабы-албайбы, азырынча айтуу эрте. Бирок өкмөт буга чоң ишеним артууда.

Күйүүчү май – Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген жалгыз товар эмес. Аткезчилик менен өлкөгө ири көлөмдө ун, тамеки, жер-жемиш, кийим-кече жана башка калкка зарыл товарлар киргизилип келет.

Депутаттар эсептеп чыккандай, Кыргызстандын бүджети аткезчиликтин айынан аз дегенде эле 8,2 млрд сом жоготот экен.

Өкмөт болсо товарлардын мыйзамдын кириши менен тынымсыз күрөшүп келе жатканын бир айтып, бир койойт, бирок абал өзгөргөнү байкалбайт. Кудайдын куттумуш күнү ар кайсыл кызматтар чегарада аткезчилик кармалганын айтышууда. Ал кармоолор көз жаздым үчүн сыяктуу. Көмүскө каналдар менен ири товарлардын киргени кирген, бизнес менен өлкө бүджетине катуу сокку уруп келет.

2020-жылдан эмне күтсөк болот?

Улуттук банк өз божомолунда белгилегендей, Кыргызстанда экономиканын өсүү тенденциясы сакталууга тийиш – бардыгы соода өнөктөштөргө, дүйнөлүк соода рынокторундагы баалардын туруктуулугуна байланыштуу болот.

Мындан тышкары Улутттук банктын божомолунда, мигранттардын акча которуу көлөмү азаят, бирок ал Кыргызстандын экономикасына чоң таасир бере албайт.

“Экономикалык өсүштүн азыркы учурдагы ички жана тышкы шарты сакталып калса, ИДПнын терс ажырымы 2020-жылдын аягында жабылат, – дешет Улуттук банкта. – 2020-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 3,6 пайыздын тегерегинде болот, “Кумтөр” эсепке алынбаса – 3,5 пайыздын тегереги”.

Мындай божомол менен Евразиялык өнүгүү банкы да макул. Банктын аналитиги Айгүл Бердигулованын ою боюнча, “Кумтөр” ишканасынын алтын казып алуу көлөмү акырындан төмөндөп кете берет, ошонун негизинде 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын өсүү динамикасы аныкталат.

“Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өсүшкө ылайык, акча которуулар, экспорттук кирешелер экономикага таасирин берет. Жай болсо да, өсүш болуп турат”, – дейт банк эксперти.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: