Menu

Садыр Жапаровдун жактоочусу: “Жаза аткаруу кызматы элди адаштырып жатат”

Бөлүшүү:

11 жылга эркинен ажыратылган саясатчынын жактоочулары басма сөз жыйынын өткөрүүүгө камданууда. Жактоочуу Шарабидин Токтосунов 8-январда билдиргендей, “Жаза аткаруу мамкызматы Садыр Жапаров 2021-жылдын октябрында шарттуу түрдө камактан чыга албайт деп элди адаштырып жатат” -дейт.

Юристтин айтымында, Кылмыш-процессуалдык кодекске жаңы түзөтүүлөр киргенине байланыштуу 2020-жылдын февралында аны жатак абакка которуп, 2021-жылдын октябрында мөөнөтүнөн мурда бошотууга тийиш. Анын үстүнө Жаза аткаруу кызматы саясатчынын башка жактоочусу Замирбек Базарбековго Жапаровдун жатак абакка которулушу боюнча документтерди көргөзүшкөн.

Эми болсо, Мамкызмат уюшкан кылмыштын курамында кылмыш кылып соттолгондор жатак абакка которулбай турганын айтышууда. Анын үстүнө алар мөөнөтүнөн мурда бошотулууга да жатпайт экен. Азыркы тапта Жапаровдун жактоочусуна кандайча жатак абак жөнүндө документ берилип калганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Жактоочу Токтосунов жакынкы аралыкта тарапташтары менен биргеликте басма сөз жыйынын өткөрө тургандыктарын билдирди:

“Туура, Садыр Жапаров мурда уюушган кылмыштуу топтун курамында кылмыш кылган деп соттолгон, бирок жаңы оңдоп-түзөтүүлөр күчүнө кирген соң, ал беренени алып салышкан. Мурда бул “өзгөчө оор” кылмышка кирсе, азыр “оор кылмышка” гана кирет. Жаза аткаруу кызматы элди адаштырып жатат. Мыйзамга туура эмес түшүндүрмө берип жатышкандыктан улам,  биз туурасын айтып, басма сөз жыйынын өткөрөлү деп чечтик”.

Эскерте кетсек, октябрдын ортосунда Садыр Жапаровдун жактоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышып, ырайым сурашкан. Бирок президент алдындагы ырайым берчү комиссия документти Жаза аткаруу кызматына кайра иштеп чыгууга жөнөтүшкөн.

2018-жылы экс-депутатты 2013-жылдагы Караколдогу митингди уюштурган катары күнөөлүү деп таап, Көлдөгү өкмөт өкүлү Эмил Каптагаевди барымтага алуу боюнча айыптап, 11,5 жылга эркинен ажыраткан.

2019-жылы Жогорку сот жаңы кодекстердин күчүнө киргенине байланыштуу кесилген жылын 1,5 жылга кыскарткан.

Жаза аткаруу мамкызматынын маалыматына ылайык, Садыр Жапарорвдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында соңуна чыгат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: