Menu

ИИМ жана ММА боюнча Дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери Кикбокс жана ММА боюнча Дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев жана Кыргыз Республикасынын Грэпплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекировдун катышуусунда өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-январь күнү билдирди.

Аталган иш-чара Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучуларына өткөрүлгөн. Бул иш-чара учурунда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери менен Дастан Шаршеев укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маалыматтарды беришип, дени сак жашоо, спорт жөнүндө окуучулар менен маектешти. Дастан Шаршеевге окуучулар кызыккан суроолорун берип, каалоо-тилектерин айтышты.

Ошондой эле, окуучулар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун имараты менен таанышып чыгышты.

Андан соң окуучулар Кикбокс жана ММА боюнча Дүйнө чемпиону менен эстеликке сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын соңунда окуучулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосунда мектепке жеткирилди. Окуучулар үчүн бул иш-чара эстен кеткис жагымдуу жолугушуу болгондугун билгилеп өтүштү.

Чакырылган коноктор дагы окуучулар менен жолушкандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын айтышып, өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу иштерине жигердүү катышаарын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: