Украинага таандык учакта каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана туугандарына Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу көңүл айтты.
Анда ал бүгүн, эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан учкан “Украинанын Эл аралык авиалиниялары” компаниясына тиешелүү учак аба майдандан алыс эмес жерден кулап түшкөнүн угуп, андай жаман кабарга кабатыр болгонун баса белгилеп, каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун тизмеси жана кырсыктын себеби такталып жатканын билдирген.
Эске сала кетсек, бүгүн, 8-январда Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан учак көтөрүлгөндө кулап, анын ичиндеги жүргүнчүнүн баары мерт кеткени кабарланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ