Menu

2020-жылы саясат кандайча оодарылат, ыя? Өкмөт башчы М.Абылгазиев бийлик партиясын башкарабы?

Бөлүшүү:

Жакынкы аралыктагы саясый багытына болгон сүртүмдөрүн КМШ өлкөлөрүнүн башчылары өздөрүнүн жаңы жылдык куттуктоосунда белгилей алышты. Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин өз сөзүндө 2020-жылы Орусия үчүн Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы ири окуя болорун белгиледи.

Белорусь президенти Александр Лукашенко оңой эмес жылдардын бири болоорун айтып, Жеңиш күнүн ал дагы баса белгилеп өттү. Чоң саясатка алгачкы кадамдарын таштаган казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украина президенти Владимир Зеленский куттуктоолорунда бири-бирине окшошпогон нерселерге басым жасашты. Казакстанда саясый реформалар болору айтылса, Украинада улуттардын биримдиги биринчи орунда экени айтылды.

Кыргызстанда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүгө кайрадан басым жасаларын белгиледи. Бул өзөктүү эки маселеге балдарды колдоо темасы кошулду. Бирок кайсыл тармакта кандай колдоо көрсөтүлөрү ачык айтылбады. Балким куттуктоо форматына туура келбей калса керек.

Саясаттагы ырым-жырым

2020-жыл – орсок жылдардын бири. Башкача айтканда, башка жылдардай эмес: бир күнү – 29-февраль ашыктык кылат. Славян маданиятында салттуу түрдө мындай жылдарды жактыра беришпейт. Орсок жыл – алар үчүн табигый кырсыктардын, согуштардын жылы.

Эми биз ырым-жырымга берилбесек да, Кыргызстан үчүн оңой эмес жылдардан болору кадимкидей сезилип турат.

Эң башкысы – 2020-жылы өлкөбүздө парламенттик шайлоо өтөт. Ушунун өзү эле коомчулук тынч жатпастыгынан кабар берет.

Кырдаалды тереңдетип жатканы – келерки шайлоонун оюн эрежелери алигүнчө аныктала элек. Добуш берүүгө бир жылдан аз убакыт калды, бирок күнү белгисиз.

Күзүндө С.Жээнбеков БШК төрайымы менен жолугушканда, “бардыгы мыйзам чегинде жүрүүгө тийиш” деген сөзүнөн башка эч нерсе билбейбиз. Мыйзам боюнча шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтүшү керек. Бирок так күнү расмий атала элек.

Ошондой эле шайлоо босогосу менен шайлоо фонду да аныктала элек. Азырынча 9 пайыз менен 5 миллон сом – демек, жаңы саясатчылар менен жаңы партиялардын келиши күмөн. Демек, добуштардын жыйынтыгы легимтимдүү болушу да күмөн жаратышы мүмкүн.

2019-жылдын 25-декбарында С.Жээнбеков жыйынтоочу басма сөз жыйынында парламенттик шайлоо таза өтөт деп убада берди.

“Азыр бийликтин партиясы болобу, шайлоо кандай өтөт деп бушайман болгондор көп. Шайлоо объективдүү жана таза өтөт”, – деди өлкө башчысы. Көшөгө артында кеп-кеңештер,талаш-тартыштар кызуу өтүүдө, партиялар өз съезддерин өткөрүп, лидерлерин алмаштырууда. “Ата Мекен” партиясында көпчүлүк күтпөгөн жаңжал да чыгып кетти.

Кландык тиреш

Кыргыз саясатындагы жылуу жер үчүн кландык тирешүү 2019-жыл бою жүрүп келди. Ошонун натыйжасында экс-президент Алмазбек Атамбаев абалды чыңап, Матаримовдордун кланы менен “көмүскө” тирешип, анын натыйжасында бийлик менен араздашууга чейин барды.

Жыл жаңырганы таасирдүү элиталардын ортосундагы мамиле курчуй бериши мүмкүн. Биздин саясатчылар уялбай-этпей эле регионалдык картаны көтөрө чабышат.

Буга экс-депутат, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин кайсыл бир интернет-басылмасына берген маеги далил.

Саясатчы акыркы эки жылда эч нерсе кылынбаганын баса белгилеп, ачык эле бийликти сындап алды.

Камчыбек Ташиев Фрейд боюнча жаңылдыбы,же атайын айттыбы, ким билсин, бирок анын “Ак үйгө кереги жок” экенин, ал эми ага “Ак үйдүн кереги жок” экенин айтып, ошого карабай, партиясы менен биргеликте шайлоого барарын тастыктады.

Социалисттердин лидери Өмүрбек Текебаев да бийлик өз мүмкүнчүлүгүн түгөткөнүн белгилеп, кыр көрсөтүүгө үлгүрдү. “Эл шайлоо системасына нааразы”. – деди ал 2019-жылдын 11-ноябрында шайлоого арналган тегерек үстөлдө.

Кыр көрсөткөн Ташиев менен Текебаевден кийин шайлоо алдында башка саясатчылар да бийликке карата сын менен чыгары калетсиз.

Пикирлешти кантип издөө керек?

Мындай кыйын кырдаалда бүт тараптан пикири дал келген консенсус табуу оңой-олтоңго турбайт. Бирок Ак үй калыстыгын көрсөтүп, ачык араздашууга барбоо үчүн андай күчтөрдү издөөгө аргасыз болот.

Балким, андай “ынтымак жарчысы” иш алып жүргөн партиялардын биринен табылышы мүмкүн, ал кийин бийликтин партиясына айланат. Ак үй бир нече партияларды сынынан өткөрүп, ишенимдүү мүчөлөрү менен толукташы керек болот. Кыргызстанда бул жагынан маселе жаралып көргөн эмес.

Ошондуктан жакынкы аралыкта бир катар партияларда “улуу көч” жүрө башташы ажеп эмес. Бийликтин партиясына кирүүгө жанталашкандар жетиштүү.

Административдик ресурс “тандалган” партияларга өз кишилерин киргизип, кийин партия тизмесин түзө коюшат.

Айтор, кыска мөөнөттө ушундай партия түзүлүп, ал Жогорку Кеңеште максималдуу санда мандаттарды алууга тийиш, анын башында, албетте, түндүктүк саясатчы турган болот.

Эгерде шайлоо жарышы ушул сценарий менен кетсе, эски, бирок жаңы саясый уюмду азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев башкарып калышы мүмкүн.

Ак үй дал ушундай схеманы карап жатканына көптөгөн ушундай айың кептердин чыгып жатышы да шыкак болууда.

Шайлоодон кийин М.Абылгазиев кайрадан өкмөт башына олтурат, анткени ал бардык тараптан ыңгайлуу – президент үчүн да, келечектеги планды жүзөгө ашыруу үчүн да.

Ал эми элчи?

Тилекке каршы, мындай жүрүштөрдүн бардыгы өлкөнүн өнүгүшү, элдин жашоосу үчүн түз тиешеси деле жок. Калк адеттегидей беш жылда бир келчү учурдан пайдаланып, балдар аянтчасын курдурууга, же медпункт ачтырууга, бир аз тыйын алууга гана үлгүрөт. Калган жагынан кеңири социумду саясый топтор майда-майда топторго бөлүп-жарып, өз кызыкчылыгына чуркатуу менен алек болот.

Тилекке каршы, маалымат согушу да кеңири кулач жаят, шумдуктуу “тактеке” технологиялары да жүрөт. Ошондуктан кыргызстандыктар сын көз караш менен ойлонууга өтүп, бирөөлөрдүн оюнунда “пешка” болгондон эртерээк чыкса болот эле…

Ал эми өлкө башчысы менен анын аппараты мамлекеттик маалымат саясаты, маалыматтык коопсуздук, коммуникацияларды ийге келтирүү маселелеринин үстүндө олтуттуу акыл калчабаска аргасы жок. Саясат жана өлкө башкарууда бир нерсе кылуу менен гана чектелбестен, ал жөнүндө айта билүүнү да билиши керектиги талашсыз.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: