Самарканд облусунун элдик кабылдама бөлүмүнүн мурдагы башчысы Жамшид Умаров өлкө парламентинин төмөнкү палатасына өтүп жаткан шайлоого байкоочу катары келген блогерди “кумса” деп атап, шайлоо бекетинен кууп чыгууга аракет жасаган.
Самарканд облустук шайлоо комиссиясы блогердин арызы ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин билдирди.
30 жаштагы программист Тимур Саттаров 5-январда парламенттик шайлоонун экинчи туруна байкоо жүргүзүүгө аккредитация алып, добуш берүүнүн жүрүшүн социалдык түйүндөрдө түз чагылдырган.
Соңку мезгилдерде Өзбекстанда блогерлер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда чыр-чатак көп катталууда. Ушул тапта блогер Хуршид Далиев менен Анжиян шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гүлшаной Кучкарова соттошууда.
Былтыр 30-декабрда коррупция тууралуу жазган блогер Абдуфатто Нуритдинов жалаа жабуу, кемсинтүү жана майда бейбаштык айыбы менен 15 суткага камалып, 1300 доллар айып пулга жыгылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ